Ички иштер министри Абу-Дабиде эл аралык курал-жарак көргөзмөсүнө катышууда

Коом 18 февраль 2025 15:40
480648469_1018624376953230_5636777680959007605_n.jpg
480334090_1018624436953224_7188685724704886963_n.jpg
480468551_1018624386953229_3108277633137075863_n.jpg
480545877_1018624396953228_2943558774878020867_n.jpg
480743630_1018624373619897_4974562319126269666_n (1).jpg
Алдыга
Артка
480648469_1018624376953230_5636777680959007605_n.jpg
480334090_1018624436953224_7188685724704886963_n.jpg
480468551_1018624386953229_3108277633137075863_n.jpg
480545877_1018624396953228_2943558774878020867_n.jpg
480743630_1018624373619897_4974562319126269666_n (1).jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган делегация Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан“Айдекс” жана “Навдекс” эл аралык көргөзмөсүнө катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, көргөзмө эл аралык коргоо көргөзмөсү жана конференциясы — жакынкы чыгыштагы эң ири коомдук коопсуздук жана курал-жарак көргөзмөсү болуп саналат жана Абу-Дабиде эки жылда бир өткөрүлүп турат. 

Иш сапардын максаты КР ички иштер органдарынын ишиндеги оң тажрыйбаны андан ары интеграциялоо үчүн брондолгон унаалар, дрондор жана башка заманбап коргонуу технологиялары жаатындагы акыркы моделдерди, инновацияларды изилдөө болуп саналат.

Иш-чарада коомдук тартипти бекемдөө, коопсуздукту камсыз кылуу жана жаңы милициянын кызматтык жана күжүрмөн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу Кыргызстан үчүн маанилүү милдеттер экендиги белгиленди. Ошондой эле чет мамлекеттердин оң тажрыйбасын изилдөө жана талдоо, аны ички иштер органдарынын ишине андан ары интеграциялоо артыкчылыктуу багыт болуп санала тургандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, көргөзмө 21-февралга чейин улантылмакчы.