Германиялык инвесторлор Кыргызстандын фармацевтика рыногуна кызыкдар

Экономика Загрузка... 06 Апрель 2026 16:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Германиядан келген делегация менен жолугушту.

Агенттиктен билдиришкендей, делегациянын курамында Lenus Health GmbH компаниясынын башчысы Сам Азими, German Global Trade Forum Berlin жана China Forum Berlin уюмдарынын жетекчилери, ошондой эле "МедФарм Консалтинг" ишканасынын өкүлдөрү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө фармацевтика, медициналык буюмдар жана биологиялык активдүү кошулмалар тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле эркин экономикалык аймактардын жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин колдонуу аркылуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Белгиленгендей, Кыргызстан Бирдиктүү бажы мейкиндигин жана медициналык буюмдар менен фармацевтикалык продукциялардын жалпы рыногун эске алуу менен Евразия экономикалык бирлигинин рыногуна чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат.

Германия тарапка инвесторлорду колдоонун иштеп жаткан инструменттери тууралуу маалыматтар берилди, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, алардын артыкчылыктары жана практикалык колдонулушу түшүндүрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле ишкер байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү максатында кийинки кыргыз-герман бизнес-форумуна катышууга ниеттерин айтышты.