Евро 101 сомдон ашты - бүгүнкү күнгө карата валюталар курсу

Экономика 17 июнь 2025 09:24
Евро 101 сомдон ашты - бүгүнкү күнгө карата валюталар курсу

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы 17-июнга карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.

Алсак:

  • доллар (USD) — 87,45 сом;
  • евро (EUR) — 101,24 сом;
  • рубль (RUB) — 1,10 тыйын;
  • теңге (KZT): — 0,17 тыйын;
  • юань (CNY) — 12,17 сомду түзүүдө.

Доллардын курсу туруктуу болуп, евро, рубль жана юандын курсу бир аз бекемделсе, теңге бир аз төмөндөөнү көрсөттү.

Коммерциялык банктарда доллар 87,21 сомдон сатып алынып, 87,68 сомдон, ал эми рубль орточо 1,10 сомдон сатып алынып, 1,12 сомдон сатылууда.