Бишкек, 30.01.25. / Кабар/. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында он эки маселе каралат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен алты маселе тар чөйрөдө, калган алтысы кеңири курамда каралат.
“Негизинен жыйында өкмөттөр арасындагы биримдиктин мүчөлөрүнүн кызматташуусун чыңдоо жана бекемдөө маселелери каралат. Аны менен катар буга чейинки кабыл алынган чечимдердин иш жүзүнө аткаруу маселелери талкууланат”,-деди министр.
Министр кошумчалагандай, жыйындын соңунда соода жүгүртүү тармагында кызматташтык маселеси боюнча келишимге кол коюлат.