Эсептөө палатасы: Былтыр 21 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Экономика Загрузка... 09 Июнь 2026 15:00
2018-05-03_10-13-04_106249.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. 2025-жылы бюджеттик мекемелерде жана мамлекеттик ишканаларда 21 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2025-жыл боюнча отчет берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Эсептөө палатасы былтыр 98 аудитордук текшерүү жүргүзгөн. Анын алкагында 1 миң 636 мамлекеттик мекеме жана ведомстволук бөлүмдүн ишмердүүлүгү текшерилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке кайтарылууга тийиш болгон 21 млрд 414,9 млн сом өлчөмүндөгү каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында анын 13 млрд 406,4 млн сому, же 62 пайыздан ашыгы бюджетке кайтарылган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын эң чоң бөлүгү мүлктү пайдалануу жана эсеп-кысап жүргүзүү тармагына туура келген.

  • бюджетти түзүүдөгү каталар жана мыйзам бузуулар – 13,3 млн сом;
  • бюджетти аткаруудагы мыйзам бузуулар жана кемчиликтер – 7 млрд 484,9 млн сом;
  • мамлекеттик мүлктү пайдалануудагы мыйзам бузуулар жана кемчиликтер – 7 млрд 703,5 млн сом;
  • эсеп жана отчеттуулук жүргүзүүдөгү мыйзам бузуулар – 6 млрд 196,6 млн сом;
  • мамлекеттик сатып алуулардагы (тендерлердеги) мыйзам бузуулар – 16,5 млн сом.

Текшерүүдөн өткөн мекемелердин басымдуу бөлүгүн бюджеттик уюмдар түзгөн. Мындан тышкары, 357 чарба жүргүзүүчү субъект, анын ичинде мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен каржыланган 257 уюм аудиттен өткөрүлгөн.