Эмгек министрлиги мигранттарга 43 млн рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акысын алууга көмөктөштү

Коом Загрузка... 13 Март 2025 19:01
WhatsApp Image 2025-03-13 at 18.42.47.jpeg
copyright icon Кабар Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Эмгек министрлиги бир жылда мигранттарга 43 млн рублдан ашык төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берди. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди.

Анын айтымында, министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү 623 кыргызстандыкка төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам берген.

“Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 43 млн 453 400 рублди түздү. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери 47 сот отурумга катышып, Москва шаарында иштеп жаткан 119 жарандын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүштү”, - деди ал.

Ал белгилегендей,бир жыл ичинде РФнын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 11 миң 256 жаранга кеңеш берилген.

“Мындан тышкары, өкүлчүлүктүн көмөгү менен 3 миң 931 КР жараны милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алышты, ата-энесинин камкордугусуз калган же турмуштук оор кырдаалга кабылган 97 жашы жете элек балдар менен иш жүргүзүлүп, айрымдары мекенине жөнөтүлүп, айрымдары каралып жатат”, - деди ал.