"Элдик Банктын" капиталы 81 млрд сомдон ашты

Экономика Загрузка... 02 Июнь 2026 16:50
711655608_1573_pMs6Nay.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon "Элдик Банк" ААК

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. "Элдик Банк" Кыргызстандын каржы тутумунун тарыхында алгачкы жолу эл аралык капиталдык рынокко чыкты. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров банктын Бишкек шаарындагы жаңы башкы кеңсесинин ачылышында билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, "Элдик Банк" Лондон фондулук биржасында 500 млн доллар суммасындагы өзүнүн еврооблигацияларын ийгиликтүү жайгаштырды.

710496922_1573_XfmWxvA.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90
"Бул ири ийгилик эл аралык инвесторлордун банктын өзүнө гана эмес, бүтүндөй Кыргызстанга, ошондой эле өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларга болгон жогорку ишенимин айгинелейт. Мындан тышкары, "Элдик Банк" Жашыл климаттык фонддо аккредитациядан ийгиликтүү өттү. Бул республика үчүн глобалдык экологиялык каржылоого түз жол ачат жана "жашыл" экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деди Садыр Жапаров.

Батыш рынокторуна чыгуу менен катар, аталган каржы институту чыгыш багытын жана өзүнүн санариптик экотутумун да жигердүү өнүктүрүүдө.

"Элдик Банк" ААК башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев журналисттерге берген маегинде белгилегендей, акыркы бир жылда банк Борбор Азияда биринчилерден болуп CIPS эл аралык төлөм тутумунун түз катышуучусу болду. Бул Кытай менен болгон чек ара аралык эсептешүүлөрдү кыйла жөнөкөйлөтүп жана тездетти. Банктын кулачын жаюудагы дагы бир маанилүү кадам – "Скай Мобайл" компаниясынын (Beeline уюлдук оператору) 100 пайыздык үлүшүн сатып алуусу болду.

DSC03843.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Белгиленгендей, бул масштабдуу долбоорлордун бардыгы банктын рекорддук каржылык көрсөткүчтөрүнүн аркасында мүмкүн болду. 2026-жылдын 30-апрелине карата "Элдик Банктын" уставдык капиталы 81 млрд сомдон ашты, жалпы активдери 292 миллиардга чейин өстү, насыя куржуну 84 миллиарддык чектен өттү, ал эми депозиттик базасы 151 млрд сомдон ашты. Ал эми 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык топтун таза кирешеси маанилүү көрсөткүчкө – 6 млрд сомго жакындады.