Эл аралык республикалык (IRI) институту изилдөөлөрүн Кыргызстандын президентинин администрациясына алдын ала берери айтылды

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
issledovanie-rynka.jpg
copyright icon www

Бишкек, 29.01.25. /Кабар/. Эл аралык республикалык изилдөөлөр институту жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын Кыргызстандын президенттин администрациясына алдын ала берет.

Аталган институттун маалыматына караганда, IRI отчёту белгилүү себептерден улам азырынча жарыялана элек. Биринчи кезекте, бул жакында эле АКШ президенти Дональд Трамптын "АКШнын тышкы жардамдарын кайрадан баалоо жана уюштуруу" жөнүндө жарлыгы менен байланышкан. Бул документке ылайык, АКШнын каражаттарынын эсебинен каржыланган программаларга жүргүзүлө турган карап чыгууларга байланыштуу чет элдик жардамдар убактылуу токтотулган.

"АКШда тиешелүү уюмдардын жана программалардын иш-аракеттери тоңдурулгандыктан, алар кандайдыр бир чечим чыгарууга, ишмердүүлүк жүргүзүүгө укугу жок. Көп жылдык практикага ылайык, IRI Кыргызстандын өкмөтүнө жана президенттин администрациясына алдын ала жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарын берет. Жогорудагы жагдайлардан улам бул отчетту уюм өзү жарыялай элек. Бирок анын жарыяланышы күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.