Бишкек,14.03.25./Кабар/. Эл аралык издөөдө жүргөн "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун активдүү активдүү мүчөсү кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, ал 1993-жылы Ош облусунда туулган Д.К.З. болгон.
Белгиленгендей, Д.К.З. буга чейин Сирияда диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, ошондой эле Сирия Араб Республикасынын өкмөттүк күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.
Ош шаардык сотунун чечими менен Д.К.З. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.