Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. “Эл аман” дарыканалары “Кыргыз почтасын” колдонуп электрондук дарыкана катары иштөөгө өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.
Анын айтымында, электрондук дарыкана аркылуу алыскы район, аймактарда жашаган жарандарыбыз керектүү дары-дармектерге телефон менен буйрутма берип, “Кыргыз почтасы” аркылуу алдыра алышат.
“Учурда калкты дары-дармек менен камсыздоо тармагы изилденүүдө. Негизинен мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек менен камсыздоо “Кыргызформация” мамлекеттик ишканасынын милдети. Ушул ишкананын филиалы болуп “Эл аман” дарыканалар системасы эсептелет. Белгилүү болгондой, 2024-жылы 100гө жакын “Эл аман” дарыканалары ачылган. Азыр “Кыргызформацияны” реформалап жатабыз нткени, бул жаңы уюм. Жаңы уюм ишке кирип жатканда мүчүлүштүктөр болот. Ошолорду эске алып “Кыргызформациянын” өнүгүү стратегиясын толугу менен карап чыгып, өкмөттөн бекиттик”,- деди Чечейбаев.
Дары-дармек жеткирүүлөрдү үзгүлтүккө учуратпоо максатында ооруканалар менен түзүлгөн жарым жылдык, бир жылдык келишимдерди азыр 3-5 жылдык узак мөөнөттүү кылып түзүп жатышкандыгын министр маалымдады.
“Барыбызга белгилүү болгондой, ооруканаларда дарылар 2-3 айлап жок болуп калат. Мисалы, онкологиялык ооруларды дарылоочу дарылар эми июндун аягында, июлда, августта келип толугу менен камсыз болот. Бирок, жазында жок болуп калды. Бул бейтаптарга аябай кыйын. Ушундай көйгөйдү чечиш үчүн биз жарым жылдык эмес, 3-5 жылдык келишимдерди түзүүгө өтүп жатабыз”,- дейт министр.
Белгилей кетсек, “Эл аман” дарыканаларынын миссиясы коммерциялык дарыканалардын кызыкчылыгы жок, эл аз, алыскы аймактарда дарылардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу. Эми бул дарыканалардын иштөө системасы заманбап ыкмага өтүү алдында турат.