Эксперт: Мамлекеттик ипотека аскер кызматкерлеринин өлкөгө ак ниет кызмат кылуусуна чоң стимул

Коом Загрузка... 09 Сентябрь 2025 15:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Кайсы гана өлкөдө болбосун, мамлекеттин туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрүндө жогорку квалификациялуу кадрлардын болушу зарыл. Күч кызматкерлери эреже катары оор шарттарда кызмат өтөшөт. Ал эми алардын эмгеги көбүнчө өмүргө коркунуч туудурат. Мамлекет жумуш берүүчү катары, аларга татыктуу эмгек жана жашоо шарттарын түзүүгө жооптуу.

Татыктуу турак жай менен камсыз кылуу күч түзүмдөрүнө жаңы адистерди тартуу жана тажрыйбалуу кызматкерлерди кармап калуу үчүн негизги стимулдардын бири болуп саналат, бул жалпы кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатат.

Турак жай менен камсыз кылуу социалдык маанилүү маселелердин бирин чечет. Бул кызматкерлердин кесиптик милдеттерин аткарууга болгон мотивациясын жогорулатат, жана кадрлардын алмашуусун азайтуу менен иштин натыйжалуулугун жогорулатат. Ошондуктан, аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин кеңири таанылган милдети болуп саналат.

Бул саясат ар кандай механизмдер аркылуу ишке ашырылат, анын ичинде кызматтык турак жай берүү, аны сатып алууга компенсация төлөө, ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүү.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда турак жайга муктаж болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматкерлери кызматтык батирлерге үмүт арта алышчу же тиешелүү ведомстволорго тастыктоочу документтери менен арыз тапшырып, турак жай алууга кезекке тура алышчу. Турак жай менен камсыздоо мыйзамдар, атап айтканда, аскер кызматкерлери үчүн "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзам жана укук коргоо органдары үчүн ички ведомстволук жоболор менен жөнгө салынган.

Министрлер кабинети ипотекалык программаларга катышкан аскер кызматкерлерине, укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөрдүн жаңы тартибин бекитти.

Чечимге ылайык, мамлекет күч органдарынын турак жай менен камсыз болушун өзүнө алат, атап айтканда, Кыргызстандагы аскер кызматкерлеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ипотекалык кредиттерин толугу менен төлөп берет.

Мамлекет өз жарандарын акысыз турак жай менен камсыз кылуу жоопкерчилигин өзүнө алганы Советтер Союзунда гана болгон. СССР өз убагында социалдык багыттагы мамлекет болгон, анын саясаты өз жарандарынын бакубаттуулугун, социалдык адилеттүүлүктү, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга, ошондой эле материалдык байлыктарды жана кирешелерди кайра бөлүштүрүү жолу менен акталбаган социалдык айырмачылыктарды жоюуга багытталган.

Бүгүнкү шартта толугу менен социалдык багыттагы мамлекет болуу өтө татаал, анткени бул бардык жыргалчылыктарды толугу менен кайра бөлүштүрүүнү, ар бир жаранды татыктуу жашоо менен камсыз кылууну талап кылат, бул экономикалык чектөөлөргө, социалдык теңсиздикке жана жарандардын жеке жоопкерчилигине туш келет. Ошого карабастан, Кыргызстан мыйзамдарда бекитилген социалдык адилеттүүлүк, тилектештик жана кепилдик принциптерин колдонуу менен ушул моделге умтулат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 4% менен жеңилдетилген ипотекага баштапкы төгүмсүз бюджеттик кызматкерлер, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалгыз бой ата-энелер, балдары бар жесирлер жана айыл жергесинде иштеген 35 жашка чейинки жаш адистер сыяктуу жарандардын айрым категориялары гана кайрыла алышат. Бул бүгүнкү күндө турак жай алуу үчүн эң жеткиликтүү программа болуп саналат.

Келечекте, экономиканын өсүшү бийик денгээлге жеткенде бул катмарды дагы мамлекет өзүнүн карамагына алып, турак-жай менен камсыз кылганга жетишет. Себеби, ар бир адамдын татыктуу жашоосу жана эркин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү – мамлекеттин максаты.

Ал эми, күч органдарынын кызматкерлеринин ипотекалык кредиттерин толук төлөө механизмдери жана алардын тартиби министрлер кабинети тарабынан аныкталган.

Эгерде күч түзүмдөрүнүн же аскер кызматкерлеринин өкүлдөрү коммерциялык банк аркылуу же Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ипотекалык программага катышса, анда мамлекет алардын кредиттик милдеттенмелерин кредит толук төлөнүп бүткүчө толугу менен төлөп берет. Бул төлөм коммерциялык банк аркылуу 2025-жылдын 1-июлуна чейин ипотекалык келишим түзгөн катышуучулар үчүн жана бул күндөн кийин Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу келишим түзгөндөрдүн баары үчүн жарактуу.

Компенсация программанын бардык катышуучуларына, анын ичинде үй-бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү болуп, ипотеканы кызматкерлер үчүн кредиттик мөөнөт аяктаганга чейин дээрлик акысыз кылат. Кыргызстандын Министрлер кабинети аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн турак жайды ижарага алуу боюнча компенсациянын өлчөмүн көбөйттү.

Күч органдарынын кызматкерлерине социалдык колдоонун жаңы чаралары боюнча коопсуздук тармагы боюнча эксперт Эдил Марлис уулу «Кабар» агенттигине берген комментарийинде алардын мекенге кызмат кылуу калоосу өсөөрүн белгиледи.

«Жаңылык абдан жакшы. Аскер кызматкерлери жана жалпы эле укук коргоо органдарынын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери үчүн бул мекенге кызмат кылууга эң сонун стимул. Бул мамлекеттин экономикасы оңолуп, чыңдалып, маанилүү социалдык программаларды ишке ашырууга ресурстары жана резервдери бар экендигинин көрсөткүчү. Жана албетте, бул өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү элементи».

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине мамлекет тарабынан ипотекалык насыяларды төлөп берүү, аларга өз иши менен гана алектенүүгө, жумушка көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле погон тагынгандарда мүмкүн болушунча узак кызмат өтөөгө табигый түрткү пайда болот. Республиканын жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн мындай колдоо чаралары абдан пайдалуу. Экономиканын өсүшү жана бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен мындай демилгелер дагы көбөйөт деп ойлойм. Аскер кызматкерлери үй-бүлөсү жана келечеги үчүн тынч болушу керек" - деди Эдил Марлис уулу.