Эксперт: Аба майдандарын өнүктүрүү туризмге жол ачат

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 13:10
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www
Бактыбек Мамбетов

Бактыбек Мамбетов

Бардык материалдар

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Жарандардын өлкө ичинде бара турган жерине тез жетиши анын өнүккөндүгүнүн көрсөткүчү болуп саналат. Анткени бул транспорттук инфраструктуранын өнүккөндүгүн, экономикалык өнүгүүнүн жогорку деңгээлин, калктын мобилдүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн күбөлөндүрөт, бул өз кезегинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана экономикалык өсүштү жогорулатат.

Ал эми жарандарды тез жеткирген транспорт бул учак. Бүгүн бардык аймактарда эски аэропорттор реконструкцияланып, жаңы учуп-конуу тилкелери курулуп, бардык алыскы райондорго үзгүлтүксүз авиакаттамдар кайра жандандырылды.

Бүгүн президент Садыр Жапаров бир эле учурда эки аэропорттун – «Нарын» жана «Казармандын» ачылышына катышууда.

Экономика жана бизнес чөйрөсүндөгү серепчи Сергей Пономарев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде мамлекеттин жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн жасап жаткан аракеттеринин маанилүүлүгүнө токтолду.

«Акыркы убакта мамлекеттик деңгээлде жарандык авиациянын инфраструктурасын өнүктүрүүгө борбор шаарда гана эмес, Кыргызстандын аймактарына да олуттуу көңүл бурулууда. Бардык облустарда аэропорттор реконструкцияланып, заманбап нормаларга ылайык курулуп жатат. Ички авиакаттамдар үчүн учактар сатылып алынууда. Бул абдан көп капиталды талап кылган бизнес, бирок ошол эле учурда абдан маанилүү.

Биз тоолуу өлкө болгондуктан, шаарлар арасындагы аралыкка машина менен баруу да рельефтин татаалдыгынан улам көп убакытты талап кылат. Кооптуу ашуулар бар, жай мезгилинде алардан өтүүгө мүмкүн болсо, кышында ал жерлерден өтүү кыйынчылык жаратат. Ошондуктан, азыр Кыргызстандын бардык аймактарын Бишкек менен байланыштырган аба көпүрөлөрү өлкөнүн өнүгүшүндө барган сайын маанилүү ролду ойной баштады.

Алар ишкердик жашоону натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, анткени бизнес көбүнчө жеке байланыштарды талап кылат. Өлкөнүн ичиндеги каттамдарга социалдык багыттагы тарифтик саясат көпчүлүк жарандар үчүн жеткиликтүү болушун каалайт. Мисалы, тез арада кичи мекенине баруу керек болсо же тескерисинче Бишкекте кандайдыр бир маселени чечүү керек болсо бул абдан маанилүү. Албетте, бул туристтер үчүн да ыңгайлуу, анткени алар Кыргызстанга бир эле сапар менен кыска убакыттын ичинде бир нече аймактарга барып келе алышат.

Кыргызстан кооз тоолуу өлкө, пейили кенен жана меймандос адамдарга бай, ошондуктан саякатчылар бизге ырахаттанып келишет, ал эми азыр Кыргызстандын каалаган бурчуна тез жана ыңгайлуу жетүүгө мүмкүн болгондо, алардын саны дагы көбөйөт. Ошондуктан бизге аба майдандарын өнүктүрүү, бардык аймактарды үзгүлтүксүз каттамдар менен байланыштыруу маанилүү. Бул логистика ыңгайлуу жана жеткиликтүү болушу керек», - деп жыйынтыктады Сергей Пономарев.