Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 соцобъект пайдаланууга берилет – Орунтаев

Коом Загрузка... 24 Июнь 2025 10:25
whatsappimage202401.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен жыл аягына чейин өлкөдө 200 социалдык объектинин курулуш иштерин бүткөрүү милдети коюлган. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Орунтаевдин айтымында, анын ичинен Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 социалдык объектинин курулуш иштерин бүткөрүү тапшырмасы берилген.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагында социалдык объектилерди куруу боюнча иштер активдүү жүрүүдө. Биз министрлер кабинети тарабынан коюлган тапшырмаларды толук аткарып жатабыз. 31-августка карата 100 объекти ачылат.

Андан тышкары, жылдын аягына чейин дагы 100 объектини ишке берүүнү убада беребиз. Бүгүнкү күндө каражат маселеси толук чечилген. Финансы министрлиги тарабынан учурда 8 млрд сомдон ашык каражат бөлүнүп берилди. Бул дагы чек эмес, мисалы, өткөн жылы 6 млрд сом бөлүнгөн болсо, быйыл каржылоо 2 миллиардга көбөйдү”,- деди Орунтаев.

Ошондой эле ал өндүрүш тармагында да бир топ жылыштар бар экенин кошумчалады.

“Минкаб төрагасынын атайын тапшырмасына ылайык, 128 өнөр жай объектисин ачуу тапшырмасы коюлган. Бул тармакта да иштер аткарылууда. Өнөр жай объектилеринде курулуш иштерин четинен бүткөрүп жатабыз. Эгемендүүлүк күнүнө карата ачыла турган ишканалардын так саны чыга элек, бирок жыл аягына чейин айтылган 128 объекти ишке берилет”,- деди ал.

Ошентип, жыл аягына чейин 200 социалдык, 128 өнөр жай объектилери ишке берилет.