Эдил Байсалов “Сбербанк” АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары менен жолугушту

Министрлер кабинети 2525 14 Март 2025 11:48
67d3c08e3f643.jpg
67d3c0cc05404.jpg
67d3c0c6382ad.jpg
67d3c0bab777a.jpg
67d3c0c07b6aa.jpg
Алдыга
Артка
67d3c08e3f643.jpg
67d3c0cc05404.jpg
67d3c0c6382ad.jpg
67d3c0bab777a.jpg
67d3c0c07b6aa.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен "Сбербанк" АК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ольга Голодецтин жолугушту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тараптар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана санариптик долбоорлор боюнча кызматташууну талкуулашты. Өзгөчө көңүл алдыңкы медициналык технологияларды, анын ичинде бейтаптарды аралыктан көзөмөлдөөнү, GigaChat интеллектуалдык фельдшерин жана GigaDoc диагностикалык системасын киргизүүгө бурулду.

Билим берүү тармагында алдыда Бишкек шаарында инновациялык "21-мектептин" ачылышы жана окуу процессине санариптик жардамчыларды киргизүү маселелери макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга жана Кыргызстанда санариптик чечимдерди өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.