Эдил Байсалов элдик революцияларга арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

Министрлер кабинети 3139 24 Март 2025 15:38
67e10656878cd-thumb.jpg
67e1064a8527c-thumb.jpg
67e106509e6dd-thumb.jpg
67e1065d8ce28-thumb (1).jpg
67e10656878cd-thumb (1).jpg
67e10673eb2bc-thumb.jpg
67e10673f3d5a-thumb.jpg
67e10673b9895-thumb.jpg
67e10673b4795-thumb.jpg
67e1067368524-thumb.jpg
Алдыга
Артка
67e10656878cd-thumb.jpg
67e1064a8527c-thumb.jpg
67e106509e6dd-thumb.jpg
67e1065d8ce28-thumb (1).jpg
67e10656878cd-thumb (1).jpg
67e10673eb2bc-thumb.jpg
67e10673f3d5a-thumb.jpg
67e10673b9895-thumb.jpg
67e10673b4795-thumb.jpg
67e1067368524-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарында 2005-жылдагы Март революциясынын 20 жылдыгына жана 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына арналган “Элдик революциялардын максаттары жана сабактары” деген темада илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, элдик ыңкылаптар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу процессин улантууда чечүүчү роль ойноп, улуттун жетилишинин жана нукура демократиянын орношунун этаптары болгонун баса белгиледи.

Анын айтымында, дал ошол каргашалуу күндөрдө элдин чечкиндүүлүгүнүн аркасында эркин коом жана жоопкерчиликтүү бийлик куруунун пайдубалы түптөлгөн.

«2005 жана 2010-жылдардагы революциялар мамлекеттүүлүгүбүздүн өнүгүүсүнүн этаптары болуп, элдин адилет жана ачык башкарууга болгон эркин билдирген. Бүгүн биз Кыргызстанда демократиялык жол менен шайланган, элдин жыргалчылыгы үчүн иштеген жетекчилиги бар деп ишенимдүү айта алабыз. Биз жашоо деңгээлинин туруктуу жогорулашына жетиштик жана биздин алдыбызда өлкөнүн социалдык-экономикалык тез өнүгүүсү үчүн жаңы горизонттор ачылууда»-деди Байсалов.

Ошондой эле ал мамлекет мыйзамдуулукту бекемдөө, жарандардын укуктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу саясатын мындан аркы өсүү жана жаңылануунун пайдубалы катары улантып жатканын, баса белгиледи.

Жыйынтыгында Эдил Байсалов конференция тарыхый сабактарды түшүнүү, басып өткөн жолду талдоо, Кыргызстандын туруктуу жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө салым кошо турган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калаарына ишенимин билдирди.

Конференцияга алдыңкы эксперттер, илимпоздор, саясий жана коомдук ишмерлер чогулуп, революциялык окуялардын өлкөнүн өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулап, келечекке багыттарды белгилешти.