Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Фолькер Түрк менен жолугушту.
Жолугушууда Эдил Байсалов Кыргыз Республикасы өлкөнүн Конституциясында жана эл аралык конвенцияларда каралган жарандардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого дайым умтулаарын белгиледи.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда жарандардын жашоо деңгээли бир топ жакшырып, адам укуктарын коргоодо жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө олуттуу жетишкендиктер болууда.
Ошондой эле Байсалов Жогорку комиссарга адам укуктары жаатындагы учурдагы өлкөдөгү кырдаал боюнча маалымат берип, анын бардык кызыктырган суроолоруна жооп берди.
“Адам укуктарын жана эркиндиктерин дүйнө жүзү боюнча жайылтуудагы лидерлигиңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Биз сиздин Израил-Палестина чатагы боюнча туруктуу принципиалдуу позицияңызды өзгөчө жогору баалайбыз жана биз сиздин бул көз карашыңызды бүткүл Бириккен Улуттар Уюму аркылуу мындан ары да коргоого чакырабыз”, – деди Эдил Байсалов.
Жыйынтыгында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссары менен мындан аркы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү багыттары талкууланды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине 2023-жылдан 2025-жылдын соңуна чейин мүчө болуп шайланган.