ЕАЭБде жүктөр навигациялык пломбалар аркылуу көзөмөлдөнө баштады

Экономика Загрузка... 11 Февраль 2026 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Бүгүндөн тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү механизми иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Жаңы талаптар ЕАЭБге мүчө эки же андан ашык мамлекеттин аймагы аркылуу өтүүчү ташууларга колдонулат. Ишке киргизүү этап-этабы менен — товарлардын категорияларын жана транспорттун түрлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.

Навигациялык пломбалар төмөнкүлөрдү ташууда колдонулат:

  • айрым акциздик товарларды, анын ичинде алкоголь жана тамеки продукциясын, бажы транзити жана экспорт бажы жол-жоболоруна ылайык унаа жана темир жол транспорту менен ташууда, ошондой эле өз ара соода алкагында мүчө-мамлекеттердин ортосундагы ташуулар;
  • бажы транзити жол-жобосуна ылайык унаа менен ташылган айрым товарлардын категориялары (анын ичинде кийим-кече, бут кийим жана техника);
  • ЕАЭБдин бажы аймагынан унаа менен экспортко чыгарылып жаткан, товардык номенклатуранын (ТЭИ ТН) 2404, 2939 79 000 0 жана 2939 80 000 0 коддоруна кирген никотин камтыган продукцияларга жана никотин чийки заттарга.

Жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин улуттук операторлору тарабынан жүргүзүлөт. Кыргызстанда мындай оператор болуп "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААК аныкталган.

"Бул механизмди киргизүү логистиканын ачыктыгын жогорулатууга жана товарлардын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылууга, ошол эле учурда биримдиктин ичинде текшерүү жол-жоболорунун көлөмүн кыскартууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.