Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 12% деңгээлинде сактоо чечими инфляцияны басаңдатууга багытталганын белгиледи.
Банктын апталык макроэкономикалык баяндамасында айтылгандай, чечим инфляциялык тобокелдиктердин күчөшүнө байланыштуу кабыл алынган. Баалардын өсүшүнө негизинен азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу материалдардын кымбатташы таасир этүүдө.
ЕАӨБдүн баамында, учурдагы акча-насыя саясаты инфляциянын деңгээлин акырындык менен максаттуу 5-7% көрсөткүчүнө жакындатууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле банк 2026-жылдын аягына чейин эсептик чен 12% деңгээлинде сакталарын болжолдоду.