Эң сонун мүмкүнчүлүк! Бишкекте балдарды акысыз окуткан чыгармачыл борбор ачылды

Коом 17 Февраль 2025 13:00
480354027_1056687446507109_8224725667166965716_n.jpg
480449347_1056687593173761_782260177917008505_n.jpg
480274767_1056687536507100_6274419030012053277_n.jpg
Алдыга
Артка
480354027_1056687446507109_8224725667166965716_n.jpg
480449347_1056687593173761_782260177917008505_n.jpg
480274767_1056687536507100_6274419030012053277_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бишкекте балдарды акысыз окуткан чыгармачыл борбор ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, Свердлов районуна административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган Аламедин муниципалдык башкаруу аймагында, балдар чыгармачылыгы борбору өз ишин баштады.

Борбордо төмөнкү багыттар боюнча 12 ийрим ачылды: заманбап жана элдик бийлер, комуз, баштапкы техникалык моделдөө, компьютер дүйнөсү, скульптура, көркөм өнөр, чий токуу, оймо, оригами (декоративдик жана прикладдык искусство), эрте өнүктүрүү ийрими, англис тили жана шахмат.

Ийримге Алма-Ата көчөсү 424 дареги боюнча катталсаңыз болот.

Белгилей кетсек, бардык сабактар акысыз өткөрүлөт.