Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү тездеткен жаңы "АИС Дотация" санариптик системасы ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Эми дыйкандар үрөн жана башка багыттар боюнча дотация (кайтарымсыз жардам) алуу үчүн арыздарын кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта бере алышат.
"Арыздарды берүү, кароо жана каттоо процесстери толук автоматташтырылды. Бул документтерди кароо мөөнөтүн кыйла кыскартат. Ал эми дотациялык үрөндөрдүн кайда, кимге жана кантип бөлүштүрүлүп жатканына онлайн режиминде мониторинг жүргүзүлөт, бул өз кезегинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтат. Белгиленгендей, бардык берилген жардамдар боюнча жалпы маалымат базасы түзүлүп, мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугу жогорулайт. Бул система дыйкандар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы бюрократияны жоюп, административдик жүктөмдү азайтат. Жакынкы арада кызматтар бардык айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн электрондук порталдар аркылуу жеткиликтүү болот", – деп айтылат маалыматта.
"АИС Дотациянын" ишке кириши – өлкөнүн агроөнөр жай комплексин санариптештирүүдөгү маанилүү кадам. Бул дыйкандарга мамлекеттик жардамды ачык жана кечиктирбестен алууга шарт түзөт.