Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. 3-5-сентябрь күндөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Дордой-Номад" комплексинде этно-көргөзмө жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтүүдө.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага кыргызстандыктар менен катар чет өлкөлүк кол өнөрчүлөр жана сүрөтчүлөр катышып, өз эмгектерин тартуулоодо. Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат – кыргыз элинин салттуу кол өнөрчүлүгүн, улуттук маданиятын жана чыгармачылыгын кеңири жайылтуу, ошондой эле эл аралык деңгээлде тажрыйба алмашууга шарт түзүү.
Көргөзмө-жарманкенин алкагында коноктор үчүн бир катар кызыктуу чебер-класстар уюштурулган.
Алардын арасында:
- терме токуу;
- ат жабдыктарын жасоо;
- темирге көркөм чегүү (чеканка);
- керамика;
- суу бетине сүрөт тартуу өнөрү боюнча практикалык сабактар бар.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.