Дин иштери боюнча мамкомиссия "Мутакалим" коомдук бирикмеси менен биргеликте жыйын өткөрдү

Коом Загрузка... 21 Февраль 2025 19:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия “Мутакалим” коомдук бирикмеси менен биргеликте диний чөйрөдөгү аялдарга жыйын өткөрдү.

Комиссиядан билдиришкендей, иш-чарада “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер” мыйзамы боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле жыйында эрте никеге туруу, көп аял алуу жана аялдарга карата көрсөтүлгөн зордук - зомбулук маселелери тууралуу да айтылды.

Иш-чарада Дин комиссиясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдын өзгөчөлүктөрү жана айрым терминдер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, презентациялык материалдар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер талкууланып, мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү алдын алуу зарылдыгы белгиленди.