Дем алыш күндөргө карата валюталар курсу

Экономика 14 февраль 2025 17:40
Дем алыш күндөргө карата валюталар курсу

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Улуттук банк 15-февралга карата негизги валюталардын курстары боюнча такталган маалыматтарды жарыялады.

Ага ылайык, кыргыз сому дээрлик бардык негизги валюталарга карата алсызданды, доллардын курсу туруктуу, ал эми рубльбекемделүүдө.

Алсак:

  • доллар (USD) — 87,45 сом;
  • евро (EUR) — 91,62 сом;
  • рубль (RUB) — 97 тыйын;
  • теңге (KZT): — 0,17 тыйын;
  • юань (CNY) — 11,03 сомду түзүүдө.

Коммерциялык банктарда доллар 87,34 сомдон сатып алынып, 87,81 сомдон, ал эми рубль орточо 94 тыйындан сатып алынып, 98 тыйындан сатылууда.