Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Загрузка... 28 Март 2025 18:34
WhatsApp_Image_2025_NgzSZZq.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек 28.03.25. /Бишкек/. Бишкек шаарында 29-30-март күндөрү социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу.

Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Өтүүчү жери - Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик бульвары жана К.Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштери.