Данияр Косумбаев Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти болду

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 14 Июль 2025 17:00
518255160_18012681785754127_5256706715610819357_n (1).jpg
copyright icon Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду

Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Данияр Косумбаев Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка караганда, ал өткөн жылдын октябрынан бери фондду жетектеп келген Кылычбек Рысалиевдин ордуна келген.

Данияр Косумбаев билими боюнча экономист президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Ал буга чейин “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы, эл аралык IT-компаниялардын (RITE, Bars Group ж.б.) ишенимдүү өкүлү, Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп, ошондой эле Жогорку Кеңеште жана Бишкек шаарынын мэриясында иштеген.