Дамирбек Давлянов Манас мэринин биринчи орун басары болду

Кадрлар жана дайындоолор 966 25 Февраль 2026 15:50
641679376_1698083784506723_8313646699732353992_n.jpg
641412886_1698083834506718_3815371039525290923_n.jpg
640975639_1698083894506712_7551857667801530897_n.jpg
Алдыга
Артка
641679376_1698083784506723_8313646699732353992_n.jpg
641412886_1698083834506718_3815371039525290923_n.jpg
640975639_1698083894506712_7551857667801530897_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Манас шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Дамирбек Давлянов Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка шаар мэри Абдупата Маткаликов кол койду.

Дамирбек Давлянов жогорку билимдүү, Ички иштер министрлигинин Академиясын "юриспруденция" адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Ал эмгек жолунда бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген. Акыркы иштеген жери — ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы башкармалыгынын башчысы.

Давлянов "Бишкек шаарынын ардактуу атуулу", "Милициянын отличниги" жана "Кылмыш иликтөө кызматынын отличниги" сыяктуу бир катар мамлекеттик жана тармактык сыйлыктардын ээси.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты аркалап келген Кубанычбек Иманалиев өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганына байланыштуу ээлеген ордунан бошотулган.