Чолпон-Атада V Элдик курултайга делегаттар шайланат

Коом 6 октябрь 2026 09:25
Чолпон-Атада V Элдик курултайга делегаттар шайланат
copyright icon www

Бишкек, 06.10.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында 9-октябрда V Элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жарандардын кезектеги жыйындары өтөт.

Мэриянын маалыматына караганда, жыйындар төмөнкү жайларда саат 14:00дө өткөрүлөт:

  • А. И. Абдуразаков атындагы мектеп-лицейде;
  • А. Осмонов атындагы орто мектепте;
  • Бостери айылындагы Маданият үйүндө;
  • Бактуу-Долоноту аймагындагы Т. Атаев атындагы орто мектепте.

Чолпон-Ата шаарынын тургундары жыйындарга активдүү катышууга чакырылат.