Чолпон-Атада фехтование боюнча эл аралык турнирге 100дөн ашык спортчу катышты

Спорт Загрузка... 04 Апрель 2025 17:42
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында фехтование боюнча эл аралык турнир өттү.

Бишкек шаарынын мэриясынан маалымдашкандай, спорттук иш-чара муниципалитеттин Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, “Дельфин” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби жана Кыргызстандын фехтование федерациясы тарабынан уюштурулду.

Мелдешке Казакстан, Беларусь жана Кыргызстандын 100дөн ашык спортчусу катышты. Бул турнир алдыңкы спортчуларды гана аныктабастан, достук мамилени чыңдоо жана спорттун бул түрүн жайылтуу жана өнүктүрүү максатын көздөйт.

Жеке мелдештердин жыйынтыгы (чоңдор жана кадеттер U-17):

Эркектер арасында биринчи орунду Аким Гнедчик (Беларусь), экинчи орунду Владимир Сидоров (Казакстан), үчүнчү орунду Жоодат Есеналиев (Кыргызстан) жана Нурмухамед Балтабай (Казакстан) ээледи.

Аялдар арасында алтын медалды Мария Гнеучик (Беларусь) утса, күмүш медалды Мария Лесовская (Казакстан) алды, коло медаль ээлери болуп Акак Кенешова (Кыргызстан) жана Милана Певец (Беларусь) аталды.

Кадеттер (U-17) категориясында балдар арасында чемпион — Аким Гнедчик (Беларусь), ал эми кыздар арасында чемпион — Алия Мамырова (Кыргызстан) болду.

Чоңдор жана кадеттер (U-17) арасындагы командалык мелдештин жыйынтыктары:

Эркектер арасында алтын медалды Кыргызстан-1 командасы утту, күмүш медалды Казакстан-1 командасы ээледи. Коло медалды Кыргызстан-3 жана Казакстан-2 командалары бөлүштү.

Аялдар арасында 1-орунду Беларусь-1 командасынын спортчулары, экинчи орунду Беларусь-2 алды, ал эми коло медалды Кыргызстан-1 жана Казакстан-1 командалары жеңди.

Турнирдин жеңүүчүлөрү кубок, медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.