Кыргыз мушкерлери Таиландда өтө турган эл аралык мелдешке катышат

Спорт Загрузка... 21 Май 2025 16:14
499327179_18357526168196946_4300344374393215135_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтө турган The Thailand open international boxing tournament 2025 Эл аралык мелдешине катышат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, 22-майда башталган мелдеш 2-июнда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:

  • 55 кг Ислам Төрөбаев;
  • 60 кг Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 65 кг Мирзохид Имамназаров;
  • 70 кг Ихтяр Нишанов;
  • 75 кг Нурадин Рустамбек уулу;
  • 80 кг Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 85 кг Эркин Адылбек уулу.

Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.