Бишкек, 21.07.26. /Кабар/. Өткөн суткада Чолпон-Ата шаарында электр энергиясын керектөө белгиленген чектен 100 пайызга чейин ашып кеткенин энергетика министри Алтынбек Рысбеков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, бул жагдай туристтик сезондун күч алышы жана ысык аба ырайы менен байланыштуу.
“Ысык-Көл облусуна, айрыкча Чолпон-Ата шаарына өзгөчө мамиле жасалып, электр энергиясы менен камсыздоо көзөмөлгө алынган. Биз туристтик сезонду жакшы түшүнөбүз, ошондуктан Ысык-Көл облусуна өзгөчө көңүл буруудабыз. Башка аймактарда электр энергиясынын өчүрүлүшү негизинен оңдоо иштерине байланыштуу болууда. Ал эми Ысык-Көл облусунда оңдоо иштери адатта туристтик сезон башталганга чейин же аяктагандан кийин жүргүзүлөт. Бирок, акыркы күндөрү бул аймакта да абанын температурасы жогору болуп, электр энергиясына болгон суроо-талап кескин өстү”, — деди министр.
Ал ошондой эле электр энергиясына лимит киргизүү тартибин түшүндүрүп өттү.
“Биз канча электр энергиясын өндүрө аларыбызды жана анын канчасы керектелерин эсептеп чыгып, ошол көрсөткүчтөрдүн негизинде лимиттерди аныктайбыз. Бул лимиттер министрлер кабинети тарабынан бекитилет”, — деди ал.