Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. “Жашыл Чүй” долбоорунун алкагында Чүй облусунда жылына эң аз дегенде 100 миңден ашуун жашыл өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды отургузуу так максат катары коюлат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов облустук жыйында билдирди.
Маалымдалгандай, бул куру ураан же сөз турүндөгү план болбошу керек, аны ишке ашыруу үчүн конкреттүү, так жана өлчөнүүчү иш-аракеттер жүргүзүлүшү зарыл.
“Бак-дарактын, жашыл аймактын кеңейиши жаратылыш кырсыктары кескин түрдө азайышына өбөлгө болот. Мисалы, жайыттардагы малдын саны нормадан ашып, жер кыртышы деградация болуп, жер көчкүлөр же башка жаратылыш кырсыктары көбөйдү. Акимдерге тапшырма катары төмөнкүлөрдү айтам, жашыл аймактардын картасын түзгүлө. Кайсы жерлерге, тоо-токойлор үчүн өзүнчө жана айыл ичиндеги жолдорго, көчөлөрдүн бойлорунда бак-дарактарды отургузуу зоналарын аныктагыла. Сугаруу жана кароо системасын уюштургула. Жергиликтүү элди, мектептерди, ишкерлерди жана ошондой эле донорлорду, эл аралык уюмдарды, фонддорду, эко-активисттерди жашылдандырууга тарткыла. Андан сырткары, өндүрүш тармагында иш алып барган ишкерлер, анын ичинде кум-шагыл иштеткен компаниялар, цемент, кирпич заводдор жыл сайын биздин жашыл фондго милдеттүү түрдө өз салымын кошуп турушу зарыл”,- деди Осмонов.
Белгилей кетсек, Чүй облусунун аймагындагы ишкерлер да табиятка жана экологияга кам көрүшүп, бул багыттагы долбоорлорду колдошу керектиги айтылды.
“Биз ишкерлерге шарт түзүп бергенге аракет кылып жатабыз. Бирок, ошол эле учурда ишкерлер дагы жаратылышка жана экологияга аяр мамиле кылышын туура көрөбүз. Бул - өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү. Адилеттүүлүк - эки тарапка тең болушу зарыл. Бул жерде “ким көбүрөк булганса, ал көбүрөк төлөйт” деген принцип бар”, - деди ал.
Жыйынтыгында “Жашыл Чүй” долбоору аймак үчүн гана эмес, борборубуз Бишкек шаарынын да экологиялык абалын жакшыртууга олуттуу салым кошо алаары кошумчаланды.