Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Чүй облусунун Мраморное айылындагы тигүү калдыктарын кайра иштетүүчү фабрика өндүрүш көлөмүн суткасына 3 тоннадан 8 тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ишкананын директору Аскатбек Мажитов билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында текстиль жана тигүү өнөр жайы абдан жакшы өнүккөн.
Мэриянын маалыматы боюнча, борбор калаадан күн сайын орто эсеп менен 50 тоннага жакын кездеме кыйындылары жана калдыктары чыгат.
"Биз учурда 100гө жакын тигүү фабрикасы менен келишим түзүп, алардан бул калдыктарды сатып алып жатабыз", — деди Мажитов.
Ал кайра иштетүү процессин түшүндүрүп, алгач калдыктар тытылып, ватин алынарын, андан соң материал атайын ийне менен тешүүчү жабдыктан өткөрүлүп, термокийиз өндүрүлөрүн айтты.
"Даяр болгон рулондогу термокийиздер Казакстанга экспорттолот. Учурда бул материалга суроо-талап жогору. Ал матрас, боз үй жасоодо, ошондой эле үйлөрдү жылуулоодо жана ызы-чуудан тосууда кеңири колдонулат", — деди ал.
Мындан тышкары, ишкана кайра иштетилген чийки заттан килем жана жайнамаздарды чыгарууну да жолго койгон.
"Ушундай жол менен биз калдыктарга экинчи өмүр тартуулап жатабыз. Азыркы учурда күнүнө 3 тоннага жакын калдыктарды кайра иштетебиз, бирок жаңы жабдууларды сатып алдык жана бул көрсөткүчтү 8 тоннага чейин жеткирүүнү көздөп жатабыз", — деди Аскатбек Мажитов.