Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Чүй облусунда “Көчмөн Сити” турак жай комплексинин мезгил кутучасын салды.
Иш-чарага Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жалпы 20 гектар аянтты камтыган бул заманбап комплекс 86 блоктон туруп, бардык курулуш иштери улуттук жана эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт.
“Көчмөн Сити” жашоочулар үчүн бардык шарттары каралган ыңгайлуу комплекс болот. Аймакта 3 мектеп, 4 бала бакча, жашыл эс алуу зоналары жана 3 унаа токтотуучу жай курулат. Ошондой эле ар бир блокто коммерциялык жайлар каралган.
Эске салсак, “Көчмөн Сити” турак жай комплекси былтыр курулуш компаниянын каражаты жоктугунан мамлекетке өткөрүлүп берилген.