Маевкадагы "Алтын-Казык" мал базарынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 22 Март 2025 15:47
2e6fcee5-2382-4bae-8ab1-89e575466167.jpg
3f995b58-aa50-4823-9aeb-c4ecfc0a61a8.jpg
5ff28530-6166-488c-8ad9-ba28940f5049.jpg
130de19e-e63c-46c7-a5d5-02ca10ea7c6a.jpg
9c394950-fe2f-4d2a-8639-75cc31024c4c.jpg
b2ec80f4-b56b-486f-9268-160419febb1a.jpg
Алдыга
Артка
2e6fcee5-2382-4bae-8ab1-89e575466167.jpg
3f995b58-aa50-4823-9aeb-c4ecfc0a61a8.jpg
5ff28530-6166-488c-8ad9-ba28940f5049.jpg
130de19e-e63c-46c7-a5d5-02ca10ea7c6a.jpg
9c394950-fe2f-4d2a-8639-75cc31024c4c.jpg
b2ec80f4-b56b-486f-9268-160419febb1a.jpg
Алдыга
Артка

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.03.25. /Кабар/. Бишкектин четиндеги Маевка айылында заманбап талаптарга жооп берген “Алтын-Казык” мал базарынын курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Аталган мал базардын жетекчиси Алыбек Жынышбаевдин айтымында, объект айыл чарба тармагын өнүктүрүү, малчыларга жана соодагерлерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда.

“Базарга 600 бодо мал жана 1 миң 500 майда мал батат. Обьект жергиликтүү тургундардын жардамында салынып жатат. Ал эми мамлекет тарабынан жерди мыйзамдаштыруу, мал базарды нормаларга ылайык келтирүү, ветеринардык кызматтардын талаптарга жооп берүү нормалары боюнча жардам көрсөтүлүүдө. Мал базардын өзгөчөлүгү мал өзүнчө жерде турат, ал эми кардарлар өзүнчө таза жерде турушат. Башкача айтканда мал менен адамдар аралашып жүрүшпөйт”,-деди ал.

Белгилей кетсек, долбоор аймактагы мал чарбасын колдоо, ветеринардык коопсуздукту камсыздоо жана мал сатуунун ачык-айкын механизмин түзүү багытында маанилүү роль ойнойт.

Мал базардын аймагында сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт:кеңири унаа токтотуучу жайы, мал үчүн өзүнчө короолор, ветеринардык текшерүү зоналары каралган.

Белгилүү болгондой, мал базардын ачылышы үстүбүздөгү жылдын жай айларына пландалууда. Бул иш-чара Чүй өрөөнүндөгү малчылар үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп, эт-сүт багытындагы чарбаларды өнүктүрүүгө да түрткү берет.