Кеминдин Чым-Коргон айылында жаңы мал базар ишке кирди

Коом Загрузка... 25 Январь 2026 14:03
545187870_1232156135626905_6415366407103473930_n.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.01.26. /Кабар/. Кемин районунун Чым-Коргон айылында ишке кирген мал базарга эки күндө жалпысынан 10 миңдей киши келди. Бул тууралуу Чым-Коргон айыл аймагынын башчысы Алмазбек Дубанаев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, буга чейин убактылуу уюштурулган Чүй районунун Виноградное айылындагы мал базар бүгүн иштеген эмес.

"Чым-Коргон айылындагы мал базардын биринчи иш күндөрүндө эле 10 миңдей киши келет деп ойлогон эмеспиз. Бүгүн иш үстүндө базардагы түзүлгөн шарттар сыналып, элдин ыңгайына жараша суранычтарын, сунуштарын эске алып жатабыз. Ага ылайык, базарда дагы кошумча шарттар, жарыктандыруу иштери жасалмакчы. Жарандар мал базарга кирип баратканда эмес, чыгып баратканда төлөм акысын төлөө сунуштарын беришүүдө. Жалпы бөлүнгөн аянт 11 гектарды түзөт, анын 6 гектарын мал базар ээлейт. Ал эми калган 5 гектар жерде келечекте жарандарды тейлөөдөгү тамактануучу жайлар жана дүкөндөр болмокчу. Азыр базарда 100дүн тегерегинде ашкана, дүкөндөр иштеп жатат. Негизинен аларга сынактын негизинде аукцион менен жерлер берилип, өздөрүнүн контейнерлерин орнотуп иштешет. Азырынча убактылуу коюлган күркөлөрдө соода жүргүзүлүүдө",- деди Дубанаев.
WhatsApp Image 2026-01-25 at 13.19.38

Айыл аймак башчысы кой-эчкинин башына 30 сом, бодо малга 50 сом төлөө сунушталып жатканын белгиледи.

"Жаңы ачылып жаткандыктан, базар акысыз болуп, төлөм алынбайт. Төлөм боюнча элден сунуштар түшүп, кой-эчкинин башына 30 сомдон, бодо малга 50 сомдон кылууну сунуштап жатышат. Биз бул маселени дагы карап чечебиз. Ошондой эле жарандардын базардын ичиндеги кой-эчкилерди камап сатуучу торчолорду акысыз кылып берүү сунуштарына макул болдук. Себеби, ал муниципалдык торчолор болгондон кийин акысыз болуш керек. Төлөм бир жолу алынып, малды кармоочу базардагы жайлар акысыз болот. Андан тышкары, мурдагы базардай болуп, малды кармоочу жайларды кайсы бир жарандар ээлеп алышпайт. Ким базарга биринчи келсе ошол колдоно берет",- деди айыл аймак башчысы.

Ал ошондой эле бул аптадагы мал базарга бир эле Чүйдөн эмес, Нарын, Ысык-Көл облустарынан, ал гана эмес алыскы Лейлектен бери жарандар келишип, соода-сатык кылып жатышканын кошумчалады.