Мал союучу жайларда жана мал базарларда камералар орнотулууда

Коом Загрузка... 16 Декабрь 2025 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы тарабынан мал союучу жайларда жана мал базарларда ветеринардык коопсуздукту камсыздоо максатында этап-этабы менен видеобайкоо системасы киргизилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагындагы 54 мал союучу жайда, 5 мал базарда, ошондой эле Москва районундагы 1 ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториясында видеобайкоо камералары орнотулган.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 23 видеокамера активдүү иштеп, процесстерди туруктуу көзөмөлдөп жатат.

"Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы видеобайкоо жаатында тажрыйбага ээ Dahua компаниясынын адиси менен биргеликте кошумча 37 камера орнотуу жана аларды толугу менен Кырдаалдык борбордун системасына интеграциялоо маселесин иштеп чыгууда",-деп айтылат маалыматта.