Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жерлердин саны кыскарууда

Аймак 13 Январь 2026 12:50
NazarNews_113461435934919195564888725363535222066.jpg
WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.32 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.29 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.28 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.01.26. /Кабар/. Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жерлердин саны азайып жаткандыгы облустук администрациянын бүгүнкү жыйынында айтылды.

Маалымдалгандай, мындай көрүнүш улана берсе жакынкы 5-10 жылдан кийин азык-түлүк коопсуздугуна чоң залакасын тийгизмекчи.

Жыйында президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов замандын талабы боюнча тескерисинче азык-түлүк коопсуздугун эске алып бул кадамдарды токтуу керек экендигин белгиледи.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.28 (1).jpeg

“Айрыкча акыркы жылдары жаз айларында суунун жетишсиздиги курч маселеге айланууда. Табигый өзгөрүүлөргө байланыштуу суунун көлөмү жылдан-жылга азайып, бул айыл чарба өндүрүшүнө түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Эгерде бул багытта комплекстүү жана системалуу иш жүргүзүлбөсө, аталган маселе жыл сайын курчуй берет. Ошондуктан алдын ала чараларды көрүү, бүгүндөн баштап так жана натыйжалуу кадамдарды жасоо зарыл”,- деди Осмонов.

WhatsApp Image 2026-01-13 at 11.43.32 (2).jpeg

Ошондуктан ал Чүй облусунун ири жана стратегиялык тармактарынын бири катары “Чүй агро” долбоору кабыл алынгандыгын кошумчалады.