Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайлары алынат - Жунушалиев

Коом Загрузка... 30 Июль 2025 13:00
WhatsApp Image 2025-07-30 at 12.04.47.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде Аламүдүн суусунун жээгинде жайгашкан тез татым жайлары алынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылуулук тармактарынын №3 жаңы насостук станциясына барган учурда билдирди.

Анын айтымында, тамактануучу тез татым жайларынын ээлери ишкерлик кылабыз деп каражат сарпташканы менен мында курулушта коопсуздук талаптары сакталган эмес.

“Бул тарапта мэрия насостук станциянын имаратын дарыянын жээктерин бекемдеп, 50 метрлик аралыкты сактоо менен курдук. Ал эми аркы жээк бекемделген эмес, бирок кафе, тамактанычуу тез татым жайларды салып алышкан. Мунун баары буздурулат. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы убакыт ушуга алып баратат. Мисалы, биз ойлобогон жерден Ала-Арча дарыясына 15 куб суу бир убакытта берилди. Эгер биз дарыянын агымын тазалабасак шаардагы Абдылас Малдыбаев көчөсүн суу капташы мүмкүн болчу. Өз учурунда чаралар көрүлгөндүктөн суу жээкке жетпей агып кетти”,- дейт Жунушалиев.