Чет элдик адистер Бишкектин абасынын булганышын изилдейт

Экология 3423 02 Декабрь 2025 11:45
1764589829.jpg
591561307_1311500084359176_8125424770387669472_n.jpg
1764589822.jpg
1764589838.jpg
1764589842.jpg
1764589846.jpg
1764589849.jpg
1764589880_large.jpeg
Алдыга
Артка
1764589829.jpg
591561307_1311500084359176_8125424770387669472_n.jpg
1764589822.jpg
1764589838.jpg
1764589842.jpg
1764589846.jpg
1764589849.jpg
1764589880_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Борбор калаанын мэриясында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев БУУнун Туруктуу өнүктүрүү башкармалыгынын (UNOSD) башчысы Пак Чун Ку жетектеген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда шаардагы атмосфералык абанын булганышына алып келген негизги булактарды аныктоо жана бул багытта жаңы комплекстүү изилдөө жүргүзүүнүн зарылдыгы каралды.

Рамиз Алиевдин айтымында, түтүн маселеси Бишкек үчүн эң курч көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

“Шаарыбыздагы олуттуу маселелердин бири – түтүн. Бишкекке абанын сапатын заманбап иликтөө зарыл. Учурдагы абалды ар тараптуу изилдеп, абанын булганышынын негизги булактарын так аныктоо үчүн адистерди чакырдык”, — деди ал.

UNOSD өкүлдөрү уюмдун долбоорлорунда колдонулган эл аралык аба сапатын изилдөө методологиясы боюнча презентацияны сунушташты. Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да жемиштүү кызматташууга үмүт артышарын белгилешти.