Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Салыкчылар биологиялык активдүү кошумчаларды мыйзамсыз алып келүүнү токтотушту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматына билдиришти.
Тактап айтканда, кыргыз-казак чек арасынын тилкесинде жайгашкан "Ак-Тилек – автожол" товарларды көзөмөлгө алуу пунктундагы жүк ташуучу унааны текшергенде, коштомо документтери жок биологиялык активдүү кошумчалар табылган.
Аныкталган товарлардын алдын ала баасы 31,2 млн сомду түзгөн.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.