Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары алмашты

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 11 Март 2026 09:26
IMG_3569.png
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Маралбаев Марат Мелисбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. 

Ал эми Сыдыков Мирзамир Мыктыбекович Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.