Чаткал районунда кышкы оюндар фестивалы өттү

Аймак 12 Февраль 2025 09:15
476601808_1729611481239442_60943175071523048_n.jpg
476799642_1729611547906102_3831184500104576829_n.jpg
476836931_1729611441239446_7303688898673675673_n.jpg
476601463_1729611561239434_5818257683011875286_n.jpg
476771447_1729611634572760_1130474574461810215_n.jpg
476771457_1729611581239432_1747873395053177260_n.jpg
476773135_1729611534572770_1919735701479863661_n.jpg
476774871_1729611591239431_8282815937566080569_n.jpg
479494262_1729611647906092_4577852450216155291_n.jpg
479496237_1729611447906112_4729916798232237729_n.jpg
479518944_1729611491239441_1469632973467456721_n.jpg
479520551_1729611617906095_2194010252303810682_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Чаткал районунун Ак-Таш айылында “Кышкы оюндар фестивалы-2025” иш-чарасы өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин облустагы өкүлү Тилек Текебаев, район акими Алтынбек Сенирбаев жана жергиликтүү тургундары катышты.

Фестивалдын алкагында элдик кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө жарманкеси уюштурулган.

Облус башчысы Тилек Текебаев мындагы иш-чара Чаткалдын кооз жаратылышын, бай маданиятын жана өнүгүп келе жаткан инфраструктурасын даңазалоо болуп саналаарын белгиледи.

“Биздин максатыбыз—Чаткал районун жыл бою туристтер үчүн жагымдуу аймакка айлантуу. Бүгүнкү кышкы оюндар бул багыттагы негизги кадамдардын бири десем болот.

Чаткал району Жалал-Абад облусундагы кышкы туризмди өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү чоң аймактардын бири. Мында кышкы спорттук оюндардын өтүүсү туристтердин агымын арттырып, жергиликтүү тургундардын киреше бөлүгүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын пайда кылат. Алдыдагы жылдары Чаткал району менен Өзбекстандын борбору - Ташкент шаарын бириктирүүчү 60 чакырым жолдун курулушу менен туристтердин агымы дагы да артаары күтүлөт”,–деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Райондун Ак-Таш айылындагы кышкы оюндар фестивалы быйыл экинчи жолу уюштурулду.