Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Аталган долбоорду каржылоо кредиттик жана гранттык каражаттардын эсебинен камсыздалган. Тактап айтканда, Финансы министрлиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен тиешелүү макулдашууларга кол коюлган.
Долбоордун жалпы баасы 13,8 млн еврону түзөт, анын ичинде 8,8 млн евро кредиттик каражаттар жана 5 млн евро грант.
Өткөрүлгөн тендердик жол-жоболордун жыйынтыгында башкы подрядчы катары China National Heavy Machinery Corporation компаниясы тандалган.
Азыркы учурда топографиялык тартуу жана инженердик изилдөөлөр аяктап, долбоордук-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, "Чакан ГЭС" ААК Ылдыйкы Тар ГЭСин курууну жана Быстровка ГЭСин реконструкциялоону камтыган KRED долбоорун ишке ашырууда. Алсак, былтыр долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу үчүн Qing Yuan Engineering Consultants Ltd. компаниясы менен консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлган. Ал эми 2026-жылдын январь айында жогоруда аталган компаниянын өкүлдөрү жана "Чакан ГЭС" ААКтын адистери объектилердин аянтчаларына биргелешкен иш сапарын жүргүзүшкөн.
Анын жүрүшүндө аймактар текшерилип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөн. Жыйынтыгында баштапкы отчет даярдалып, кабыл алынган, учурда геологиялык изилдөө иштерине жана курулушту долбоорлоо боюнча башкы подрядчыны тандоого техникалык тапшырма даярдалууда.
Эске салсак, KRED долбоорун ишке ашыруу максатында Дүйнөлүк банк Кыргызстанга жеңилдетилген шарттарда 43,2 млн доллар бөлүп берген.