"Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине толук даяр

Коом 11 Ноябрь 2025 16:35
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.22.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.22 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.21.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.21 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.21 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.20.jpeg
WhatsApp Image 2025-11-11 at 16.24.20 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. "Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине 100 пайыз даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Чакан ГЭС" ААК өлкөнүн энергетика системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн 2025-жылга жалпысынан 4 гидроагрегатты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландаган. Алар:

  • Быстровка ГЭСинин №1 гидроагрегаты;
  • 6-ГЭСтин №1 гидроагрегаты;
  • Кичи ГЭСтин №1 гидроагрегаты;
  • 5-ГЭСтин №1 гидроагрегаты.

Бүгүнкү күнгө 4 гидроагрегат тең толук капиталдык оңдоодон өтүп, ишке берилди.

Мындан тышкары, "Чакан ГЭС" ААКтын адистери гидроэлектростанциялардын негизги жана көмөкчү жабдууларын пландык оңдоодон өткөрүп, модернизациялоо иштерин так жана өз маалында аткарышты.