Бишкек, 12.03.26. /Кабар/. Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3 пайызы жеткирилди.
Станцияда демонтаждоо жана даярдоо иштери да күчөтүлүп, гидроагрегатта турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн камерасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда №1 гидроагрегатта турбинанын валын демонтаждоого даярдык көрүлүп, 10,5 кВ чыңалуудагы көмөкчү жабдууларды жана ток өткөргүчтөрдү демонтаждоо жүргүзүлүүдө. Бөлүнгөн жабдуулар станциянын кампаларына жеткирилет.
Учурда долбоорду ишке ашырууга 80ден ашуун адис тартылган.
Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды модернизациялоо иштери 2024-жылы башталган. Буга чейин станциянын №4 жана №3 гидроагрегаттары жаңыланып, пайдаланууга берилген.
2026-жылы бир эле учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, аны ушул жылдын аягына чейин аяктоо күтүлүүдө.
Эки гидроагрегатты модернизациялоо аяктагандан кийин станциянын орнотулган кубаттуулугу 198ден 216 МВтга чейин көбөйөт, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү бир нече ондогон жылдарга узартылат.