Быйыл дыйкандарга 7 млрд сомдук айыл чарба техникасы лизингге берилет

Экономика Загрузка... 24 Февраль 2026 16:16
1730188117672093555.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.02.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2026-жылдын ичинде жеңилдетилген лизинг программасынын алкагында жалпы баасы 7 млрд сомду түзгөн 2 миңден ашык техника берүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери эле 584 млн сомго 854 техника дыйкандарга берилди. Мамлекет тарабынан машина-трактордук паркты жаңылоо максатында "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу жылдык 6 пайыз үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө берилген лизинг программасы натыйжалуу иштеп жатат.

Аталган программа 2011-жылы башталгандан бери 29 млрд сомго 10 миң 511 даана техника берилди. Учурда аймактарда 186 машина-трактордук станция кызмат көрсөтүп, алардын карамагында 4 миңден ашык техника бар.