Былтыр "Мекен-карт" макамын 184 киши алды

Коом Загрузка... 29 Январь 2025
WhatsApp Image 2025-01-29 at 14.36.19.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.01.25. / Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылы "мекен-карт" макамын 184 киши алды. Бул тууралуу Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция маселелери боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Тилек Айдарканов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, “мекен-карт” макамын алган жарандар Кыргызстанга эркин кирип-чыгат жана визадан бошотулат. Өткөн жылы ага 210 жаран тапшырып, анын ичинен 184ү алышкан.

“Мекен-карт” макамын алгандардын көбү Россия Федерациясынан, ал эми калганы Германия, Украина, Корея, Түркмөнстан өңдүү мамлекттерден.

Мекен-картка” документ кабыл алуу 2023-жылы мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет. “Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылуу керек”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, “Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.