Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. 2025-жылы күрөөканаларга болжол менен 1,5 млн сомдой айып салынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Финансылык рынокту көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Сүйөркул Ашимжан уулу билдирди.
Ал белгилегендей, бул каражаттар пландык жана пландан тышкары текшерүүнүн жыйынтыгында чогултулду.
Сүйөркул Ашимжан уулу маалымдагандай, былтыр 35 күрөөкананын лицензиясы токтотулду.
Жалпы жонунан бүгүнкү күндө Кыргызстанда 431 күрөөкана расмий каттоодон өткөн.