Быйыл кино тармагын өнүктүрүүгө 950 млн сом бөлүндү - Асаналиев

Маданият Загрузка... 06 Февраль 2025 17:30
WhatsApp Image 2025-02-06 at 11.09.16.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. / Кабар/. Быйыл кино тармагын өнүктүрүүгө мамлекет 950 млн сом каражат бөлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин директорунун орун басары Маратбек Асаналиев радиолордун бирине берген маегинде айтты.

Анын айтымында, бир кезде кыргыз керемети деген ат менен таанылган кино тармагы эгемендик алганы каралбай калган. Акча каражаты дээрлик бөлүнгөн эмес. Мурда кино тармагына жылына болгону 30-40 млн сом бөлүнүп келсе, быйыл көрсөткүч 28-29%га өстү.

“2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кинематография департаментинин алдындагы "Кыргызсериал" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси” мамлекеттик мекемеси түзүлгөн. Бөлүнгөн каражатка аталган бирикме тарабынан сериалдар тартылат. Ошондой эле кыргыз тасмалары тартылат. Мындан сырткары,
техникалар сатылып алынат”,-деди ал.

Ал кошумчалагандай, Кинематография департаментине жалпы 38 кинотеатр карайт. Алардын 28ин ижарачылар иштетип келет.

“Бардыгы Советтер союзунда курулган типтүү кинотеатрлар болгондуктан убагында каржы тартыштыгынан улам оңдолбой калып, ижарачыларга келишимдин негизинде өткөрүп берилген. Ал эми мамлекеттик кинотеатрлардын абалын жакшыртуу департаментке жүктөлгөн. Алыскы аймактардагы, райондордогу кинотеатрлардын кээ бирлеринин абалы начар. Инвесторлор болсо аларды бузуп ордуна жаңысын куруу керек”, - деди ал.