Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт - мэр

Коом Загрузка... 30 Июль 2025 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.07.25. /Кабар/. Бишкектин Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасына караштуу №3 насостук станциясы ишке кирсе, быйыл калаанын борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жеринде иштин жүрүшү менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Анын айтымында, буга чейин шаар тургундары кышкысын жылуулуктун начар берилишине нааразы болуп келишкен. Эми станциянын ишке кирүүсү менен 30 миңге жакын абонентти жылуулук менен камсыздоо жакшырат.

“Бул насостук станция совет мезгилинде курулган. Акыркы 30 жылда мындай капиталдык оңдоо, кайра куруу биринчи жолу болуп жатат. Заманбап, энергияны үнөмдөөчү насостор жана автоматташтырылган башкаруу системаларынын колдонулушу ишти оптималдаштырууга жана жылуулук чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет”, - деди шаар мэри.

Белгилей кетсек, жылуулук тармактарынын №3 жаңы насостук станциясы шаарды ишенимдүү жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодо маанилүү объект болмокчу.

"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасынын адистери билдиргендей, станция жылуулук берүү системасынын гидравликалык режимин жакшыртууга, жылуулук жеткирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, жоготуулар менен авариялык коркунучтарды азайтууга жана керектөөчүлөрдүн санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Эскерте кетсек, баш калаанын борборундагы бул жаңы насостук станциянын курулушунун долбоору 1990-жылдары пландаштырылган. Бирок, капиталдык оңдоо иштери бир жыл мурда башталган. Учурда курулуш иштери CRBC консорциуму жана "Технотоп" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.